БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Депутат энергетикалык суусундуктарды жарнамалагандарга айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анын демилгечиси Алишер Козуев энергетикалык суусундуктарды жарнама кылгандарды 15 миң, юридикалык жактарды 35 миң сомго айыпка жыгууну сунуштап жатат.
Долбоордун максаты — кант диабети жана жүрөк ооруларына алып келчү суусундуктардан элдин, өзгөчө жаштардын ден соолугун коргоо экени айтылган.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов энергетик ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштаган. Парламентарий аны ар дайым ичкенде таасирин жоготуп, өлчөмүн көбөйтүүгө түртөрүн айткан. Ал эми колдонбой калганда туталанууну пайда кылып, депрессияга кептей турганын кошумчалаган.