Чогуу жашаган аялды катуу сабаган 28 жаштагы киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Чогуу жашаган аялды катуу сабаган 28 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
9-мартта милицияга К.У. аттуу аял токмоктолуп, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келген.
"Жабырлануучунун айтымында, аялды чогуу жашап жүргөн киши мас болуп кызганычтан улам токмоктогон. Факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок 11-мартта К.У. эки тараптын элдешкенин айтып, экспертизадан баш тартып, жарандык күйөөсүнө доосу жок экенин билдирген. Мунун негизинде кылмыш иши козголгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
20-майда жабырлануучу кайрадан арыз жазып, шектүү К.А. камакка алынганы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин да Бишкекте 38 жаштагы аял үч жылдан бери чогуу жашаган киши тарабынан сабалып, бирок шектүүнүн туугандарынын басымы менен арызын алганы кабарланган. Акыйкатчы жабырлануучу менен жолуккандан кийин гана ал кайрадан арыз жазууга белсенген.
Бети кескиленип, чачы кыркылган. Мээрим Кайрат кызынын уурдалышынын чоо-жайы