"Кумтөрдө" пайдасыз келишим түзгөндөр аныкталып, ИИМ иш козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунда коррупция аныкталып, менеджерлердин бирөө кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, компанияда жооптуу кызмат адамдары билип туруп пайдасыз келишимдерди түзгөн.
"Айрым менеджерлер май сатууда айрым тараптардын кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке жана компанияга каршы иш алып барышкан. Натыйжада "Кумтөр" өзгөчө ири зыянга учураган, 2023–2024-жылдары келтирилген чыгым 16,4 миллион сомдон ашкан. Аудит жүргүзгөн эксперттер майдын бир бөлүгү эсепке алынбай, тиешелүү төлөмсүз сатылганын аныктаган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча иш козголуп, 44 жаштагы Ж.А. аттуу компаниянын башкаруучуларынын бири камакка алынды.
Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды