БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына барып ири объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.
Өкмөт башчы алгач эле реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына барган. Жалпы 3900 унаа бата турган базар тогуз гектар жерге салынууда. Каржы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.
Касымалиев борбордук базарга дагы барды. Жалпы 6,7 гектар жерге курулуп жаткан бул соода жайында 2400 орун бар. 550 миллион сомго курулган соода жайы быйыл ишке берилери айтылды.
Долбоордун негизги максаты – Ош шаарындагы сооданы жаңы, заманбап форматта уюштуруу, логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү жана сатуучуларды бардык шарттар менен камсыз кылуу. Ошондой эле талапка жооп бербеген Ош шаарындагы эски борбордук базарды шаардын четине көчүрүү жана жаңы индустриялык-логистикалык соода борборун түзүү каралган.
Калаада Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы да курулууда. Жети кабат боло турган оорукананын аянты 20 миң чарчы метрди түзүп, 312 орунга ылайыкташат. Чатырына тик учак конууга ылайыкташканы айтылды.
Ош шаарында “Дельфин” спорт мектеби курулууда. Бир убакытта 100 адамды тейлөөгө багытталган бассейн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салынууда. Анын суммасы 95 миллион сом. Долбоордун максаты — өспүрүмдөрдү спортко жана дени сак жашоого үндөө.
Ош шаарында “Дельфин” спорт мектеби курулууда
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жогоруда аталган объектилерди жеринен көрүп чыккандан кийин Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүп жана планга киргизилген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.