Караколдогу борбордук стадион реконструкциядан кийин ачылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн, 23-майда, Садыр Жапаров Каракол шаарындагы реконструкцияланган борбордук стадиондун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы алгач стадиондун тарыхына токтолуп, ал 1974-жылдан бери оңдолбой келгенин белгиледи.
Азыр борбордук стадион 3 380 көрүүчүгө ылайыкталган, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Административдик жайлар, медиазоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөрдүн баары жаңыланганы айтылды. 200дөн ашык унаа токтотуучу жай дагы каралган.

"Стадионго чоң LED-экран жана биринчи жолу стационардык ВАР системасы коюлду", — деп белгиледи президент.

Ал ошондой эле быйыл дагы 15 стадионду, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондорду калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалады. Мындан тышкары, Бишкек шаарында 51 миң кишиге ылайыкталган стадион курулуп жатканын эске салды.
"Стадион бүгүнкү күндө футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасында Каракол шаарын татыктуу көрсөтүп жаткан “Барс” футбол клубунун жаңы үйү болот. Мындай стадион менен жаңы ийгиликтер жаралып, күйөрмандардын саны дагы өсөт деп ишенем", — деди Жапаров.
Бишкектин четине Борбор Азиядагы көрүнүктүү аттракцион салынат. Курулуштан видео