БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы кен иштетүүчү төрт компанияга 823 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсына таандык тоо-кен жана кайра иштетүү комплексиндеги курулуш объектилерин текшерген.
"Аталган компаниянын алты курулуш объекти расмий реестрге катталган. Текшерүү маалында курулуш эрежелери, стандарттар жана тиешелүү укуктук актылар бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада "Фулл Голд Майнинг", "Ваньпэн Констракшн Инжиниринг", "Кит Строй", "Гуан Цзин" ЖЧКларына жалпы 823 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Бозымчак жана Терек-Сайдагы тоо-кен комплекстеринде да текшерүүлөр жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу тапшырылганы маалым болду.