БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кубалык революционер Фидель Кастрого Советтер Союзунун Баатыры наамы 1963-жылы 23-майда берилген.
Бул адамдын келгени эмне үчүн СССРдегилерди дүрбөткөндүгүн Sputnik Ближнее зарубежье айтып берет.
62 жыл мурда Фидель Кастро Советтер Союзуна алгач ирет келет. Революционердин советтердин өлкөсүнө сапары Кариб каатчылыгынан жарым жыл өткөндөн соң болуп, 40 күнгө уланат. Москванын өзүндө бир нече күн туруп, "Ак куу көлү" балетин Чоң театрдан көрүп, андан кийин 1-май майрамындагы салтанатка ардактуу конок катары катышат.
Куба лидери СССРди кыдырат. Жеңиш күндүн алдында Мамаев коргонун көрүп, Ташкент, Сибирь, Красноярск, Свердловск, Киевде болот. Грузияны да көрө кетүүнү сапар учурунда чечип, аталган республикага да барат.
"Бул эл чыныгы согуштун азабын тарткандыктан тынчтыкты башкаларга караганда көбүрөөк сүйөт. Өзүмчүлдүктөн алыс эл. Мен орустар кандай экенин билем жана аларга таазим этем", — деген Фидель Кастро.
23-майда Кремлдин ири залында советтик-кубалык биргелешкен макулдашууга кол коюлган, ал эми командант СССР Баатыры наамына татыган.