Мамлекеттик сатып алуудагы келишимдер банктык коштоо аркылуу көзөмөлдөнөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулардагы келишимдер банк аркылуу коштолот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бул үчүн тиешелүү банктардын тизмеси түзүлүп, төлөмдөр келишимдеги иштердин аткарылышына жараша жүргүзүлөт. Бул ыкма мамлекет менен подрядчынын ортосундагы жоопкерчиликти арттырып, ишти сапаттуу аткарууну шарттайт.
Ошондой эле Финансы министрлигине банктар менен бирге 2026-жылга чейин адистештирилген банктык продуктуларды иштеп чыгуу тапшырылган. Келечекте бул ыкманы мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан ишканаларга да колдонуу мерчемделип жатканы кошумчаланды.
Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууга милдеттендирүү сунушталды