Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Басып кетишүүдө". АКШдан Украинадагы согуштун солгундап баратканын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү кырдаал украин армиясынын чекесинен кыйрап бара жатканын көрсөтүүдө. Бул туурасында америкалык отставкадагы полковник Дэниел Дэвис өзүнүн YouTube каналында айткан.
"Командалык бөлүктөрдүн отставкасы — көйгөйдүн чекеси эле. Отряддар согушуп жаткан жерден кетип калып жаткандыктан көйгөйлөр алиге чейин турат. Көчөдөн кайра кармап кетпестир деген үмүт менен качып чыгышууда", — деген ал.
Эксперттин айтымында, Украина азыр согуш талаасында же сүйлөшүүлөрдө өзүнүн талаптарын айтып, шарттарын кое турган абалда эмес. Ал европалык аткаминерлер курулай күнөө тагып, Владимир Путинди өздөрүнүн шарттарына моюн сундуруп алабыз деп жаңылып жатышканын белгилеген.
"Украина армиясы чачырап жатат. Анын талкаланары ар бир адамга сезилип турат", — деп жыйынтык чыгарган Дэвис.
Буга чейин "Страна.ua" басылмасы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык "Магура" бригадасынын командири Александр Ширшин "наадан буйруктардан" улам кызматтан кетүү тууралуу рапорт жазганын кабарлаган.
Анын айтымында, кырдаалга туура эмес баа берип жатышат. Чын-чынына келгенде, анда азыркы көрүнүш, чыныгы абал айтылган эмес. Ал эми иштин көзүн билбеген (аскердик – ред.) жетекчиден жалтайлап туруу жакшылыкка алып келбейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европадан АКШ курал берүүнү токтоткон соң Украинаны эмне күтөрүн айтышты