24-майга карата аба ырайы

24-майда түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 24…29, Таласта 28…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 26…31, Ысык-Көл өрөөнүндө 19...24, Нарын жеринде 21…26 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкекте күндүн табы 26…28, Ош шаарында 28…30 градус болот.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу