Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот

Sputnik
Учурда Россияда 380 миңден ашык кыргызстандык миграцияда жүрөт. Анын ичинен 70 миңден ашыгы көзөмөл тизмесине кирген. Ал эми 70 миндейи кара тизме менен Россиядан чыгарылган. Мындан тышкары азыр кыргызстандыктар Европага жана Түркияга да агылууда. Жакында эле РФ 4 миңден ашык мигрантты кара тизмеден чыгарган.
“Ачык кеп” программасынын мейманы, министрликтин миграция саясаты бөлүмүнүн башчысына дегеле кара тизме деген эмне, ага кандай учурда кирип калышат, кара тизмеден чыгуунун мыйзамдуу жолдору кайсылар, эмгек келишими жана миграциядагы мекендештер эмнени эске алышы керектиги боюнча берилген суроолорубузга кенен жооп алдык.