Быйыл окуу жылын 215 миң бүтүрүүчү аяктайт — мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы качан өткөрүлөт?

Sputnik
Республикада 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 26-майда өткөрүлөт. Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу, жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды колдонууга, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт.
Быйыл окуу жылын 215 миң бүтүрүүчү аяктап жатканын Агартуу министрлигинин мектептик,мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова айтты.