Трамп Евробиримдикке 50%дык бажы алымын киргизүү ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Евробиримдик менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ого эле татаал болгондуктан 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди.
"Соода маселесинде АКШны пайдалануу үчүн түзүлгөн Европа биримдиги менен иштешүү өтө оор болду. Сүйлөшүү аракети эч нерсеге алып келген жок. Мындан улам мен ЕБге карата 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатам. Пошлинанын АКШдан чыккан товарга тиешеси жок", — деди Трамп.
Президент, мындан тышкары, соода тоскоолдуктары, кошумча нарк салыгы, корпоративдик айып пулдар, америкалык компанияларга каршы адилетсиз соттук арыздар жана башка көрүнүштөр соода балансынын таңсыктыгын жылына 250 миллион долларга жеткиргенин белгилеген.
Эскерте кетсек, Трамп 2-апрель күнү башка өлкөлөрдөн келген товарга "өз ара" бажы алымын киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизги коюму 10 пайыз деп эсептелип, 9-апрелден баштап 57 мамлекет үчүн жогорулаган. Бул АКШнын ар бир өлкө менен жеке соода алакасына жараша эсептелип, таңсыктыктын ордуна тең салмактуулук болушу үчүн жасалган эле. Бирок 9-апрель күнү АКШ лидери 75тен ашуун өлкө жооп кайтарбастан бир пикирге келүүнү сунуштагандыктан Кытайдан башка өлкөнүн баарына 10 пайыздык бажы алымы пайдаланыла турганын жар салган. Бул чара 90 күнгө созулмакчы болгон.
Трамп АКШ Кытай товарларына бажы алымын азайта турганын билдирди