Чакыруу болсо "ак шумкарлардын" катарын толуктоого даярмын. Мындай пикирин Автандил Дүйшөев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин улуттук курамга чакыруу болгон, бирок айрым кырдаалдарга байланыштуу келе алган эмес.
"Мен Бириккен Араб Эмирликтеринде ойноп жүргөндө улуттук курамга эки-үч жолу чакыруу болгон. Бирок клуб менен түзүлгөн келишимде чектөөлөр бар эле. Муну менен катар футболдон тышкаркы нерселер менен да алектенип калдым. Ошондуктан келе алган жокмун. Азыр улуттук курамга чакыруу болсо ойногонго даярмын. Учурда ойноп жаткан "Мурас Юнайтед" клубу тарабынан улуттук курамга байланыштуу чектөө жок", — деди Дүйшөев.
Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда футбол жакшы өнүгүп жатканын, аракеттер токтобой уланса жакынкы жылдары эл аралык деңгээлде жакшы натыйжалар болорун кошумчалады.