БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Нева экологиялык конгрессинин, Жеңиш парадынын, Казань форумунун эл аралык масштабы Батыштын Россияны четтетүү планын ишке ашыра албастыгын жана ал ниетин унутушу керектигин көрсөттү. Бул туурасында РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко айтканын РИА Новости жазды.
Нева экологиялык XI эл аралык конгресси Санкт-Петербургда 22-23-майда өтөт. Аны Россия өкмөтү, Федерация кеңеши, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги, КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблеясы уюштурууда. Матвиенко конгресске 76 мамлекеттин өкүлдөрү келерин айтты.
"Конгресске мынчалык көп өкүлдөрдүн келиши, аны менен катар эле бир топ ири иш-чаралар: Жеңиш парады, расмий сапарлар, Казань форуму Батыштын Россияны четтетүү планын ишке ашыра албастыгын көрсөтүп койду", — деген ал интервьюсунда.
Спикер айым Россияны обочолонтуу долбоору жабылды деп эсептөөгө толук негиз бар экенин айтты.