БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ алкагында кесиптик квалификацияларды таанууну талкуулоодо. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жана Россиянын Квалификацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин жетекчилиги жолугушкан.
© Фото / пресс-служба Русского дома
"Эксперттер Кыргызстандын эмгек рыногун, иш нормаларын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын квалификациясын өз ара таануу иштерин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун максаты кесиптик квалификацияларды өз ара таануу аркылуу ЕАЭБ аймагындагы эмгек миграциясын жөнгө салуу жана адистердин квалификациясын таанууну жеңилдетүү экени айтылды.