ШИИБ: Ошто абактагы уулун чыгарып беребиз деп акча алган шылуун кыздар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Ошто баласы абакта жаткан аялды "уулуңузду чыгарып беребиз" деп алдап, акча алган шылуун кыздар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.
Жабырлануучунун милицияга берген маалыматына караганда, белгисиз эки аял анын уулун түрмөдөн чыгарып беребиз деп бал тилге салып, 40 миң сом жана алты миң доллар сурашкан.

“Алар сот менен жакшы экенин айтып, 40 миң сомду өздөрү, ал эми 6 миң долларды сот тармагында иштеген Руслан аттуу адамга берерин айтышкан. Аялды баласын чыгарып албаса, узак мөөнөткө камалып кетерин айтып коркутушкан. Кийин алты миң долларды төрт миңге түшүрүшкөн”, — деп айтылат маалыматта.

Арыз милицияга түшкөн соң тартип сакчылары шылуундардын 22 жана 21 жаштагы кыздар экенин аныктап чыгышкан. Тергөөдө алардын сот тармагына эч тиешеси жок экени такталган.
Милиция эки кызды жана Руслан аттуу кишини жабырлануучудан акча алып жаткан жеринен кармады. Өзүн сот тармагында таасирдүү адам кылып көрсөткөн Руслан 1-февралдан бери Кара-Суу райондук милициясы тарабынан изделип жатканы аныкталган.
Бардыгы кармалып, соттун чечими менен 1-июнга чейин камакка алынды. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Опузалап акча талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
УКМК: өзүн Таймурас Ташиевмин деп тааныштырган алдамчы кармалды. Видео