БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Москвадан окуп келген актерлорго Ош шаарынан ипотекалык батир берилери айтылды.
Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев актерлорго берилчү ипотекалык үйдү көрсөтүп, 1-июлга даярдап коерун убадалаган.
22 актер Россия өкмөтүнүн квотасынын негизинде Россотрудничествонун колдоосу менен Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп келишти. Алар эми Ош улуттук драма театрында иштешмекчи.