Бишкекте үч күндөн бери 9 жана 13 жаштагы бир тууган балдар изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 13 жаштагы Абдулазиз менен 9 жаштагы Мурзакул Сыдыковдор 19-майда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Абдулазиз кара шым менен футболка, кара жеңил бут кийимчен, Мурзакул жашыл көйнөк, кара түстөгү чолок шым, боз кроссовка кийип жүргөн.
Балдарды көргөн-билгендер болсо милицияга (0312) 35-29-47, 35-12-70, 0702 80 80 23 же 0509201820 номерлери аркылуу кабарлап коюу керек.
Ошто арстандын 8 айлык күчүгү кармалып турган. "Кожоюнуна" айып салынды