БИШКЕК, 22-май – Sputnik. АКШнын президенти Ричард Никсон СССРге боло турган сапарынын алдында журналисттерге карьерасындагы өтө турган "катаал сүйлөшүүлөргө" даяр экендигин айткан.
Анткен менен тарыхта калган, 1972-жылы майда болгон бул сапар жылуу маанайда аяктаган. Бул туурасында жазган Sputnik Ближнее зарубежье тарыхый видеону жарыялады.
Советтер Союзун башкарып турган Леонид Брежнев сүйлөшүүлөр боюнча оң пикирин билдирген.
"Никсон менен сүйлөшүп, иш алып барууга болот", — деген ал.
1972-жылы 22-майда СССР менен АКШнын лидерлери страгетиялык куралданууну кыскартуу, ракетага каршы коргонуу системасын чектөө боюнча макулдашып, эки державанын өз ара мамилеси боюнча саясий декларацияга кол коюшкан.
Андан бери бир топ жыл акты, коом өзгөрдү, ошол кезде зор мааниге ээ окуяда кол коюлган эки документ тең азыр жараксыз.
Саммиттен эстелик катарында КПССтин Борбордук комитетинин башкы катчысы белек кылып суу астында жүрүүчү канаты бар мини-субмарина тапшырган.
Ал эми Никсон Брежневге 1972-жылдагы седан Cadillac автоунаасын белекке берген.