Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европадан АКШ курал берүүнү токтоткон соң Украинаны эмне күтөрүн айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Американын Киевге курал берүүсүн токтотпош үчүн Европа менен Украина колдон келген аракетин жасайт, болбосо камсыздоонун бардык түйүндөрү үзүлөт. Бул туурасында эл аралык жана трансулуттук укуктар боюнча франциялык эксперт Арно Девеле YouTube каналында айткан.
"Украинага курал берүү боюнча байдендик келишим аяктаган учурга жакындап келе жатабыз. Бирок Европа менен Украина жаңжалдын соңуна чыгышын каалабай тургандыктан аларга кандай жол менен болсо да АКШны кетирбей кармап турушу керек болууда", — деген ал.
Эксперт бул жерде техниканын саны эмес, Киевге курал жеткирүү үчүн Европада америкалык инфраструктуранын болушу маанилүүсү экендигин айтты.
"Трампты курал берүүнү созушу үчүн бул үч мушкетер (Кир Стармер, Фидрих Мерц жана Эммануэль Макрон. — ред.) жана Дартаньян (Владимир Зеленский. — ред.) болгон аракетин жасайт. Себеби ансыз болгон бүткөн нерсенин баары иштебей калат", —деп кошумчалаган Девеле.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Мындан сырткары, кепке келип сүйлөшүүдө да өзүнүн кесепетин тийгизерин белгилеген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуусу боюнча үн катты