Бишкекте 38 жаштагы аял катуу сабалган. Ишти акыйкатчы көзөмөлгө алды

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте 38 жаштагы аял чогуу жашаган эркек киши тарабынан аёосуз сабалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жамиля Жаманбаева окуя тууралуу социалдык тармактардан билгенде эле жабыркаган аялдан кабар алган. К.У. аттуу келин азыркы тапта дарыланып, жакында дагы операция болорун айткан.
Маалыматта окуя 8-мартта болгону белгиленет. Үч жылдан бери чогуу жашаган киши келинди уруш учурунда катуу сабап салып, ал үйүндө эки күн кароосуз жаткан. Ооруканага түшкөндө жабырлануучунун мээси чайкалып, мурду, жаак сөөктөрү, тиши сынып, бети-башы айрылып, эки көзү жабыркаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу жолдошунун туугандарынын кысымы менен сабалгандан кийинки күнү Ленин РИИБине жазган арызын кайтарып алган.
Жолугушууда акыйкатчы жабырлануучуга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Натыйжада К.У. кайрадан Ленин РИИБине арыз жазып, эми өз укуктарын коргоо үчүн аягына чейин күрөшөрүн айткан.
Акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөтүп, ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.
Бети кескиленип, чачы кыркылган. Мээрим Кайрат кызынын уурдалышынын чоо-жайы