Дубайда баш байгени жеңип алган кыргызстандык чоң апалардын деми мекендештерин да шыктандырууда

Sputnik
Жакында эле кыргызстандык апалардын “Латиномикс” бий тобу Дубайда өткөн эл аралык фестивалда Гран-прини жеңип алышкан. Мейманыбыздын айтымында фестивалдын көрүүчүлөрү бийчи апаларды абдан жакшы тосуп алып, колдоо көрсөтүшкөн. Бул топто 42 жаштан 70 жашка чейинки 50дөн ашык апа бар. Бардыгы пенсия курагында өзүн чектебей мыкты бийлер менен алектенип, өзү үчүн жаңы бир жолду ачып жатышат.
Маектин жүрүшүндө мейманыбыз Гүлзат Алиева фестивалдагы сезимдери менен бөлүшүштү.