Өлкөдө скутер, мопед айдоо үчүн эми айдоочулук күбөлүк талап кылынабы?

Sputnik
Скутер, мопед, жеке мобилдүү каражаттарды колдонуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, анда эки дөңгөлөктүү унаа колдонгондорду жөө адам катары эсептеген норма алып салынган. Ошондой эле аталган унаалардын ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан, кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубдан же кубаттуулугу 4 киловаттан ашса милдеттүү түрдө каттоого алынат. Мопед, скутер жана жеңил электроскутерлерди колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүктүн "АМ" категориясы киргизилет. Аны14 жаштан баштап алса болот. Ал эми 16 жаштан баштап жеңил мотоциклдерге А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк берилет. А категориясындагы айдоочулук күбөлүк болсо, мотоциклдер үчүн, 18 жаштан жогорулар ала алат.
Мындай эреже эл аралык тажрыйба эске алынып жазылганын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев маалымдады.