Өлкөдө жазгыталаа жумуштары уланууда. Бүгүнкү күндө 562,1 миң гектаржерге эгин себүү жана айдоо иштери жүргүзүлүп, жалпы пландын 80 пайыздан ашыгы аткарылды. Быйыл дан эгиндерине, жашылчаларга жана тоюттарга көңүл бурулууда. Ошондой эле кант кызылчасынын жана май өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйтүлдү. Кант кызылчасы Чүй жана Талас облустарында жалпы 12,54 миң гектар жерге айдалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 миң га көп. Ал эми Май өсүмдүктөрү 12,1 миңгектар жерге себилип, пландын 71,1 % аткарылды. Дыйкандар арзандатылган баада дизель майы менен толук камсыз болуп, 65 сомдон сатып алып жатышат. Эң негизгиси - сугат суу өз убагында берилип жатат.
Бул тууралуу "Күн башат” программасынын алкагында Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча бөлүм башчысы Турат Идрисов айтты.