БИШКЕК, 21-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Россияга каршы жаңы санкция салуу чакырыгына жооп берип жатып, мындай чечимдерди америкалык лидер гана кабыл ала аларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Муну мен гана чечем. Азыр Россиянын аракетине баам салып турабыз", — деген өлкө башчы Ак үйдөн.
Трамп украин маселесин жөнгө салуу процесси талуу мезгилине жеткенине токтолду.
Кечээ Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Россияга каршы "азыркыдан да катаалыраак санкцияларды" киргизүүгө чакырган.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев режиминин билдирүүсүнө комментарий берип, Россия ультиматумдук тилди эч убакта кабыл албай турганын белгиледи. Айтымында, Зеленский да, батыш европалык ультралибералдар да тынчтык орнотууга кызыкдар эмес, алар Украина армиясын күчтөндүрүп, кайрадан согушка салууга жан үрөп жатышат.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Владимир Путин менен Дональд Трамп эки сааттан ашуун телефондон сүйлөшкөн. Россиялык лидер андан кийин Москва Киев менен тынчтык меморандумун түзүү боюнча иштөөгө даярдыгын билдирип, ага ок атууну токтотуу да камтылышы мүмкүн экенин белгилеген.
Өз кезегинде Ак үйдүн ээси кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, Россияга каршы санкция салынбай турганын жар салган.