Будапешттеги ТМУнун саммитинде кол коюлган документтердин тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммити жыйынтыкталды.
Президенттин маалымат кызматы аталган саммитте Садыр Жапаровдун сөзү менен бөлүштү. Өлкө башчы Венгрия Европа менен түрк дүйнөсүнүн ортосунда көпүрө болуп жатканын белгиледи. Жапаров соода жүгүртүү акыркы төрт жылда дээрлик эки эсе өскөнүн айтып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстан даяр экенин белгиледи.
Айрыкча, Камбар-Ата — 1 ГЭСинин курулушу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу стратегиялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп, алар аймактык байланыштар жана энергетикалык коопсуздук үчүн маанилүү экени белгиленди.
Мамлекет башчысы быйыл Ысык-Көлдө өтө турган Тоо жаштарынын дүйнөлүк фестивалы жана 2027-жылы боло турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу айтып, ТМУ өлкөлөрүн БУУнун Тоолуу аймактардын өнүгүүсүнүн беш жылдык программасын чогуу ишке ашырууга чакырды.
Жапаров ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин ыйгарым укуктарын узартуу чечимин колдогон бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.
Саммиттин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
"Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" чечим;
"Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө" чечим;
Афганстан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.
Жапаров менен Орбан Будапештте сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Теги: