БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Батыштын Россияга каршы согушунун башында Франция турат. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтканын РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, Евробиримдик кеңеши шейшемби күнү Москвага каршы чектөө чараларынын 17инчи пакетин бекитти. Тизмеге 17 адам жана 58 компания кирген. Чектөө негизинен энергетика тармагына тиешелүү болуп саналат. Евробиримдик рестрикциялар тез аранын ичинде макулдашыларын билдирди.
"Акыркы айлары француздар Киев режимине ар тараптуу жардам көрсөтүп эле тим болбостон, британиялыктар менен биригип алып Украинанын негизги кураторуна жана демөөрчүсүнө айланды да, дээрлик согуштун баштап-көздөөчүсү болуп калды", — деди Захарова.
Анын айтымында, Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга санкциялардын эч кандай тиешеси жок, бул — Россияны ооздуктоо саясатынын, соода согушунун бир элементи, Париждин илимий-техникалык чөйрөдөгү кемчиликтеринин ордун толтуруу аракети.
"Бекитилген пакеттин бири дагы Россия тараптан жоопсуз калбайт. Мындай чараларга тиешелүү жооп сөзсүз кайтарылат", — деди Захарова.
Россия кастарын тиккен мамлекеттердин көп жыл мурун баштаган санкциялык кысымына туруштук берүүгө кудурети жетерин айтып келет. Чектөөчү чаралардын натыйжасы аз экени Батыштын өзүндө да айтыла баштады.