Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Россия менен АКШ башчыларынын диалогу Киев тараптагыларга чоң сокку болду

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүсү Европанын, Украинанын саясий позицияларына оңбогондой зыянын тийгизди. Бул туурасында Reuters агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Украина менен анын өнөктөштөрү Трампты өздөрүнө жакындатабыз деп бир нече ай убара болду, бирок көздөгөнү ишке ашкан жок. Киев ошондой эле Ак үй башчысынын АКШ ортомчулук кылууну чектейт деген сөзүнө тынчсызданып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен катар эле европалык саясатчылар Трамптын Путинге эч кандай шарт, талап койбогонуна таң калганы айтылган.
"Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери, Украинанын союздаштары акыркы дипломатиялык бул мүдүрүлүүсүнөн кийин Зеленскийди тегерегине топтолушту. Бирок телефондук сүйлөшүүнүн жыйынтыгын кабыл алуу оңойго турбайт", — деп жазылган маалыматта.
Дүйшөмбү күнү кечинде Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон эки саатка чукул сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Россия лидери Москва согушту токтотуу максатындагы Киев менен түзүлгөн меморандум боюнча иштөөгө даярдыгын айткан.
Ак үйдүн башчысы диалогдон кийин жаңжалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып, Россияга карата жаңы санкциялар болбостугун жар салды.
ЖМК: АКШ G7 уюмунун билдирүүсүнө Киевди колдоо пунктун киргизүүгө каршы чыкты