Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украина армиясынан бошотулган Курск облусуна биринчи жолу барды

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Курск облусуна барып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан кийин региондун жашоочуларына жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолукканын РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, бул — өлкө башчынын облустун Украина армиясынан бошотулгандан берки аймакка жасаган биринчи сапары.
Путиндин сөзүнүн негизги учурлары:
Украина Куралдуу күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун эстеликтерин жок кылып жатышат, мындай жосундар алардын неонацизм идеясына сугарылганын тастыктайт;
алар акмактардын сынагында да экинчи орунду алышмак. Себеп? Анткени алар — жеткен акмактар. Мындай жоругу менен насили кандай экенин көрсөтүп жатышат;
душман Россиянын чек арасын көздөй жылуусун токтото элек.
Президент менен жолугууга Элдик фронттун, Курск облусунун ыктыярчылар уюмунун, Куткаручуулардын бүткүл россиялык студенттик корпусу жана башка уюмдардын өкүлдөрү келген.
Өткөн жылдын 6-августунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Курск облусу быйыл 26-апрелде биротоло бошотулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рубио украин жаңжалын чече турган жалгыз мүмкүнчүлүктү атады