Кыргызстандын ЕАЭБге экспорту эки эсе өсүп, 3,8 млрд. долларга жетти

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоосу дээрлик эки эсе өстү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы республика интеграциялык бирикменин мүчөлөрүнө 791,5 миллион долларлык товар саткан. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 476,6 миллион долларга жеткен.
Ушул убакыт аралыгында жалпы экспорттун көлөмү да болжол менен 40 пайызга өскөн. 2024-жылы Кыргызстан 3,8 миллиард доллардан ашык акчага продукция экспорттогон.
Кыргызстан эмгек рыногун жакшыртуу боюнча ЕАЭБде 2-орунда