Парламент мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин колдоп берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин биринчи окууда колдоп берди.
Талкуу учурунда бир катар парламентарийлер мыйзам долбооруна каршы чыкты. Алсак, депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоору кабыл алынса башка улуттагылар кантип депутат болот деген суроо салды.
"Эртең орус, немец улутундагылар кантип депутат болот? Өзбек, казак, түрктөр мейли, а калган улуттарчы? Конституцияда мамлекеттин негизи — эл деп жазылган. Анда кыргыздар эл да, калгандары эл эмеспи? Бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, аны даярдагандарга чара көрүү керек", — деди ал.
Депутат Бактыбек Сыдыков мыйзамдагы айрым талаптарды "жарма патриоттук" деп, тил маселесин чечүүдө системалуу иш керектигин айтты.
"35 жыл мурда мектепти бүтүргөм, тил билбегеним үчүн күнөөлүмүнбү? Россияда жүрдүм. Азыркы балдар Англияда, АКШда окуп жатышат. Алар эмне күнөөлүүбү? Мамлекеттик тилди билүү талап кылынат экен, анда алгач мектептен үйрөтөлү. Болбосо, бул жөн гана саясий популизм", — деди Сыдыков.
Анын айтымында, жогорку окуу жайларда окуунун 80 пайызы орус тилинде жүргүзүлөт, ошол жактан баштоо зарыл. Аталган мыйзам долбооруна каршы пикирлерин депутаттар Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Элмурза Сатыбалдиев да билдиришти. Алардын көпчүлүгү Жогорку Кеңешке талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керек деген нормага каршы чыгышты.
Ошол эле учурда парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу мыйзам долбоорун колдоо керектигин белгиледи.
"Мамлекеттик тилдин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп жүрүп, ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп жатабы, кыргыз тилин билсин, кыргыз тилинде сүйлөсүн. Бул жерде эч кандай кошоматчылыктын кажети жок. Андыктан сунушталган мыйзам долбоорун толугу менен колдошубуз керек", – деди Тургунбек уулу.
Депутат кыздарга армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпоону сунуштады