Депутат кыздарга армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпоону сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Депутат кыздарды армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпай эле коюуну сунуштаса, ЖК төрагасы кызмат өтөбөгөндөрдү "илинип турган колбасага" салыштырды.
Парламентте коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралып жатканда депутат Надира Нарматова кыргызстандык жигиттердин армияда сөзсүз кызмат өтөшү керектигин белгилеп, ансыз эркектердин үй-бүлөгө жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтты.
ЖК төрагасы эл өкүлүнүн сөзүн колдоп, акын Райкан Шүкүрбековдун "армияга барбаса, окуп, билим албаса, ал бала жөн эле илинип турган колбаса" деген саптарын окуду.
"Жигиттер армияга сөзсүз барышы керек. Ал жакта катуу тартип болушу зарыл, анча-мынча какус-кукус болот. Болор-болбос нерсеге ызылдай берген болбойт. Албетте, чектен ашып кеткен маалда тиешелүү комиссия жазасын берет", — деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Өз кезегинде Руслан Мукамбетов казармаларда камералар орнотуларын, аскерде тартип күчөтүлөрүн белгиледи. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин колдоду. Мукамбетов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп кеткен Бактыбек Бекболотовдун ордуна дайындалууда.
Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекстери көрсөтүлөт. Видео