Бишкекте РКӨФ колдоосу менен гемодиализ борборунун филиалы ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен "Диамед" гемодиализ борборунун филиалы ачылды.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн фонд 1,5 миллион доллардын 1 миллионун бөлүп берген. Каражатка компания имарат жана 43 аппарат сатып алган. Келечекте алардын санын 100гө жеткирүү пландалууда. Филиалда 300 процедура жасалып, дарылоону ФОМС төлөп берет.
1 / 2

Долбоорду ишке ашыруу үчүн фонд 1,5 миллион доллардын 1 миллионун бөлүп берген

2 / 2

Каражатка компания имарат жана 43 аппарат сатып алган. Келечекте алардын санын 100гө жеткирүү пландалууда

"РКӨФ жана "Диамед" компаниясы буга чейин алты филиал ачты, анын экөө Бишкекте, ошондой эле Токмокто, Балыкчыда, Ноокатта жана Александровка айылында иштеп жатат", — деди фонддун төрагасы Артем Новиков.
РКӨФ пластик жана алюминий терезе чыгарган ишкананы каржылады. Видео