1937-жылы 21-майда советтик экспедиция Түндүк уюлдан бир нече чакырым аралыктагы аймакка, муздун үстүнө түшөт.
Sputnik Ближнее зарубежье каналы төрт полюсчу Арктиканы кандайча багынтканы тууралуу видео жарыялады.
Sputnik Ближнее зарубежье каналы төрт полюсчу Арктиканы кандайча багынтканы тууралуу видео жарыялады.
"Түндүк уюл" дүйнөдө биринчи болуп түзүлгөн советтик илим-изилдөөчү калкып жүргөн станция болгон. 9 ай ичинде муздун бөлүгү Гренланд деңизине чейин жетип, 2100 чакырымды басып өткөн.
Жарылып кеткен, морт музга учактар коно албай койгон. Советтик адистерди куткаруу үчүн "Мурманец", "Таймыр", "Мурман" кемелери жөнөтүлгөн. Ал эми Кронштадттан оңдоп-түзөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктаган "Ермак" муз жаргычы да чыгып кеткен.
Бул куткаруу операциясын бүт дүйнө көзөмөлдөп турган. Ага Түндүк флоттун Д-3, Щ-404 жана Щ-402 деген суу алдында жүрүүчү кемелер катышкан.
1938-жылдын 19-февралында аларды Гренланд жээктеринен бир нече ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан муздан алып чыгышкан. Калкып жүргөн бул уникалдуу станциянын илимий жыйынтыктары жогору бааланган. Экспедицияга катышкан төрт полюсчунун баарына Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
2013-жылдын 21-майында Владимир Путин Россияда Полюс изилдөөчүлөр күнүн белгилөө тууралуу чечимди колдогон.