БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Вашингтон G7 мамлекеттеринин финансы министрлеринин жолугушуусу боюнча коммюникеге Киевди колдоо пунктун кошууга каршы чыкты. Бул тууралуу Politico аткаминерлерге таянуу менен жазды.
"АКШ G7 уюмунун финансы министрлеринин Канадада өтүп жаткан жыйынындагы жыйыктыктоочу билдирүүсүнө Украинаны "мындан ары да колдоо" пунктун киргизүүгө каршы", — деп айтылат макалада.
Мындан тышкары, АКШ коммюникеде Россиянын Украинадагы аракеттерин "мыйзамсыз" деп атоону каалабай жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 20-майда Канадада башталган финансы министрлеринин жолугушуусу 22-май күнү соңуна чыгат.