22-майга карата аба ырайы

22-майга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас аймагында 28…33, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көл менен Нарын жеринде 22…27 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкекте күндүн табы 33…35, Ош шаарында 34…36 градуска жетери айтылды.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу