Быйыл 53 миӊден ашуун абитуриент ЖРТга катышууда

Sputnik
Республикада быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул жылы сынакка жалпы 53 миңден ашуун катышуучу катталып, өлкө боюнча 125 тестирлөө борбору уюштурулду. Тестирлөөгө каттоо онлайн жүргүзүлдү.Тест учурунда катышуучунун столунда өздүгүн тастыктаган документ, тесттен өтүүгө уруксат берген талон, көк же кара калем, тест китеби, жооп баракчасы жана черновик гана болушу шарт. Уюлдук телефон, калькулятор, калькулятору бар саат, фотоаппарат, кулакчын жана башка электрондук шаймандарды колдонууга тыюу салынат. Эреже бузгандар дароо четтетилет. Ошондой эле абитуриенттер жогорку окуу жайларына тапшырганда кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест беришерин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү маалымдады.