Борбор Азиядагы суу тартыштыгы кантип чечилет — Афганстандагы Кош-Тепе каналынын курулушу кандай таасир берет?

Sputnik
Борбор Азия климаттык өзгөрүүнүн оор кыйынчылыктарына туш болууда. Климаттын өзгөрүшү жана калктын санынын өсүшү шартында барган сайын курчуп бараткан суу кризиси өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Афганстандагы Кош-Тепе каналынын курулушу бул аймакка кандай таасир бериши мүмкүн? Климаттык кризистин күчөшү, ресурстардын тартыштыгы шартында аймактын бир дагы өлкөсү кыйынчылыктарды жалгыз жеңе албайбы?
Бул соболдор боюнче саясат таануу илимдеринин доктору, эксперт Токон Мамытов ой бөлүштү.