БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Украина Россиянын жаңы аймактарынан аскер күчүн чыгарууну пландаштырбаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биздин аймактан биздин жоокерлерди эч ким чыгара албайт", — деген Зеленский брифинг учурунда.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров февралда Киевдин учурдагы бийлиги Украина калкынын басымдуу бөлүгүнүн кызыкчылыгы үчүн жооп бере албай турганын билдирген. Анын айтымында, Крым, Донбасс жана Новороссиянын тиешелүүлүгү тууралуу маселе эчак жабылган, "референдумдардын жыйынтыгы Россиянын Конституциясында чагылдырылды".
Былтыр Россия президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн алгач Украина ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынан аскерин чыгарып, НАТОго кирүүдөн баш тартканын расмий жарыялашы керектигин айткан.
Белгилей кетсек, Крым Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен 2014-жылдан тарта россиялык регион деп эсептелет. Крымдыктардын 96,77, ал севастополдуктардын 95,6 пайызы Россияга кошулууга макулдугун берген. Анткен менен Украина Крымды өзүнө таандык оккупацияланган аймак деп таанып келет, Батыштын бир катар мамлекеттери да ушундай эле пикирде.
2022-жылы октябрда референдумдардын жыйынтыгы менен Донецк жана Луганск республикалары, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кошулган.