БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Венгрияда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров Будапештке 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барат.
Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу болгон Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган жолугушуунун темасы "Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери" деп аталмакчы.