БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Соттук отурумдарды сөзсүз түрдө аудио жана видеокаражаттар менен жазып алуу милдеттендирилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган.
Мыйзамга "видеоконференция байланышы" жана "онлайн-трансляция" деген түшүнүктөр киргизилген. Айыпталуучу соттук отурумдардын протоколдору (аудио жана видеожазууларды кошкондо) менен таанышууга, сын пикир айтууга жана соттук териштирүүнү түз эфирде көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу экени жазылган.
Ошондой эле эгерде видео, аудиожазуулар болбосо соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары кошумчаланган.