БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Садыр Жапаров иш сапар менен Будапештке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчыны Венгриянын министри — премьер-министрдин канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Жапаров иш сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал саммитине катышат.
Теги: