РКӨФ Ысык-Көлдө бакча ишин өнүктүрүүгө 700 миң доллар бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусуна караган Чет-Байсоорун айылында алма, алмурут жана алча өстүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 700 миң доллар бөлдү.
Долбоор 2022-жылы башталып, 150 миң түп көчөт 36,5 гектар жерге отургузулган. Быйыл андан түшүм алына баштап, 100 тоннадан ашуун жемиш чогултулду.
"Заманбап агротехнологиялардын колонулушу бул долбоордун маанилүү элементи болуп саналат. Аймакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулган, ар бири 735 метрден келген 88 катар болду. Суу менен үзгүлтүксүз камсыздаган төрт көлмө бар, анда суу фильтрленип турат. Тамчылатып сугаруу системасы менен суу эле келбестен, бактарга суюк минералдык жер семирткичтер жана зыянкечтерден коргоочу керектүү каражаттар чачылып турат", — дешти фонддон.
Продукция ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстанга экспорттолуп келет.
Токмокто жип ийрүү фабрикасы жанданып, Ысык-Атада тери завод курулат