БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Мамлекеттик Дума Улуу Ата Мекендик согуш учурунда совет элин геноцидге учураткан фактыларды четке каккандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу Мамдуманын төрагасынын орун басары Ирина Яровая билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Санкт-Петербургда өткөн эл аралык юридикалык форумга катышкан.
"Мен кесиптештерим менен биргеликте геноцидди жокко чыгаргандардын жоопкерчилигин карай турган мыйзам долбоорун даярдап жатам. Юстиция министрлиги менен Тергөө комитетинен демилгени колдоп коюуну өтүнөм", — деди Яровая.
Долбоордун дагы бир демилгечиси Ольга Занко фашисттер менен алардын шериктеринин совет элин тукум курут кылуу аракетин тангандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралып жатканын белгилеген.