Баткен: Кадамжайдагы көмүр шахтада бир киши ууланып каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы көмүр шахтасында бир киши ууланып каза болгонун ӨКМден билдиришти.
Аймактагы Боз айылынын тоо тарабындагы шахтага газ толуп, бир киши чыга албай калган.
Куткаруучулар ал адамдын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн 90 метр тереңдиктен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.
Кыргызстандын сырттан көмүр сатып алуусу эки эсеге азайды
Кыргызстан шахта кырсык Баткен ӨКМ