БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүчү эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "соль" түрүндөгү синтетикалык баңгизат Россиядан алып келинген.
"Бишкекте маңзаттарды сактоо жана чет өлкөгө чыгаруу үчүн кампа уюштурган жаран кармалды. Эки килограмм "соль" баңгизаты Россиядан тиричилик техниканын ичине жашырылып, жеткирүү кызматы аркылуу келген", — деп айтылат маалыматта.
Баңгизаттардын бир бөлүгү Бишкекте, калгандары Өзбекстанга сатылмактыгы кошумчаланды.