БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунун продюсери Алимжан Валиев аткаминерлер менен кантип сапаттуу маек уюштурса болорун айтып берди.
Ал SputnikPro агартуу долбоорунун алкагында журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өткөргөн.
Валиевдин айтымында, маектешүүнү ведомствонун маалымат кызматы менен макулдашууда теманы аныктап, татаал суроолорду алдын ала айтып коюу керек. Антпесе маектешкен адам үчүн жагымсыз жагдай жаралышы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунун продюсери Алимжан Валиев
Адатта чиновниктер ишке ашпай калган долбоорлор, коррупция тууралуу айткысы келбей, маектен качат. Мындай учурда маалымат кызматы "эртең" деп создуктура бериши ыктымал. Бул учурда так мөөнөттү аныктап алуу керек, кийинки байланышканда артыкчылык сизде болот.
Мамкызматкерлер адатта көндүм сөздөр менен кутулууга аракет кылышат. Мындай учурда маекти жандуу кылыш үчүн темадан чыкпай, мисалы, "Сиз өзүңүз бул объектиде болдуңузбу? Эмнелерди көрдүңүз? Бул тууралуу эмне ойлойсуз?" деген сыяктуу адамдын жекелигине байланышкан суроолорду берүү керек. Ошондой эле түшүнүксүз учурларда жөнөкөй сөз менен айтууну өтүнүңүз.
Жакшы тема коюу — ийгиликтүү маектин жарымы. Мисалы, "Мэрия үч базарды бузуу планы тууралуу айтты" дегендин ордуна "Үч базар бузулат: Бишкектин жашоосу кандай өзгөрөт" десе болот. Текст ар дайым жөнөкөй болуп, "канцеляриялык" сөздөрдөн алыс болушу керек.