Пресс-борбор

Журналист маалымат жыйындарда кантип иштеши керек? Жаштарга кеңеш

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунун продюсери Алимжан Валиев журналисттер маалымат жыйындарында кандай иштеши керектиги тууралуу ой бөлүштү.
Ал SputnikPro агартуу долбоорунун алкагында журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өттү.
Валиев журналисттер көп учурда биринчи катарга отурбасын айтып, президиумга жакын отуруунун артыкчылыктарын санап берди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунун продюсери Алимжан Валиев
"Президиумга жакын отурганда алдыда эч ким болбой, тоскоолдук жаралбайт. Кээ бир спикерлер сүйлөп бүтүп эле чыгып кетүүгө шашат. Мындай учурда алдыдагы журналист суроо берип калууга үлгүрөт. Бул абдан маанилүү болгон убакыттан утууга негиз болот. Анткени журналистикада айрым учурда секунддар роль ойнойт. Өзгөчө тактоочу суроолорго "ооба" же "жок" деп жооп алып калууга жетишсе болот", — деди Валиев.
Ошондой эле биринчи катарда отуруу сапаттуу сүрөт жана видео тартып алууга, микрофонду спикерлерге жылдырып турууга ыңгайлуу экенин белгиледи.
"Арткы катардагыларга микрофонду ар бир сүйлөп жаткан кишиге алып баруу үчүн кайра-кайра ордунан туруу ыңгайсыздык жаратат. Адатта спикерлер өздөрү эле микрофонду жылдырып алышат, бирок бул дайыма боло бербейт. Анткени унутуп коюшу же туура эмес жайгаштырышы ыктымал", — деген продюсер.
Мындан тышкары, ал журналисттер көбүнчө суроо бербей, бир-эки киши берген суроолор менен эле чектелип, өздөрү унчукпай отура беришерин кошумчалаган.
"Балким, алар туура эмес суроо берип коем деп кооптонот чыгар, бирок эгер сиз айтылган сөздү түшүнбөсөңүз, анда сиздин кабарыңызды окурман да түшүнбөйт. Ошондуктан уялбай суроо бериңиз", — деп кеңеш берди Валиев.
Пресс-борбор
ЖМКдагы маалыматты кантип кызыктуу кылса болот? Бишкектеги мастер-класс