Бангладештин жараны Кыргызстандын визасын жасалмалап 66,5 миң доллар тапкан

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстанда документтерди жасалмалаган деген шек менен Бангладештин жараны кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк киши өзүнүн мекендештерине документ жасап берип жүргөн. Февраль ичи эле кызматы үчүн 66,5 миң доллар алган.
"Тинтүү учурунда шектүүдөн визасынын мөөнөтү бүткөн Бангладештин 120 паспорту, жасалма документтердин электрондук көчүрмөсү сакталган ноутбук табылган. Чет элдик жаран тергөө абагына киргизилди, кылмышка тиешеси барлар аныкталууда", — дешти УКМКдан.
1 / 4

Кыргызстанда документтерди жасалмалаган деген шек менен Бангладештин жараны кармалганын УКМК кабарлады

2 / 4

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк киши өзүнүн мекендештерине документ жасап берип жүргөн

3 / 4

Февраль ичи эле кызматы үчүн 6,5 миң доллар алган

4 / 4

Атайын кызмат чет өлкөлүктөрдү тиешелүү документтерди даярдоо боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине гана кайрылууга (электрондук портал аркылуу) чакырат

Атайын кызмат чет өлкөлүктөрдү тиешелүү документтерди даярдоо үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине гана кайрылууга (электрондук портал аркылуу) чакырат.
Документ жасап, пара алган. "Унаанын" Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси кармалды